КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

28 сентября 2021

КР БШК 2021-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышында Сузак, Ак-Суу, Нарын жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Теңизбай уулу Абайдын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер - Осмонов Советбек Асановичке өткөрүп берилди.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенск айылдык кеңешинин депутаты Замирбек уулу Сыргактын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермердик чарба - Акчубакову Октябрь Тармалтаевичке өткөрүп берилди.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Касымбаев Акматбек Бейшенбиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермердик чарбанын мүчөсү - Таабалдиев Кычан Токтобековичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын районунун Эмкег-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Мата уулу Суйунучтун ыйгарым укуктары өлүмгө байланыштуу токтотулду. Мандат бала бакчанын тарбиячысы - Абдыбалиева Турсун Мухамбетовнага өткөрүп берилди.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Эмкег-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Кожогелдиев Токунбек Эсекеевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермердик чарбанын мүчөсү - Орозбек уулу Бекназарга өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Мамаев Адисбек Замирбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу жумушсуз – Субаналиев Нур Асанбековичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ош шаарындагы Ош шаардык кенешинин бош мандаты  Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигине караштуу Автомобиль транспорту агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары - Жолдошбаев Бакай Сагынбаевге ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан № 21) берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү