БШК айрым округдук шайлоо комиссияларынын даректерин өзгөрттү

28 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында шайлоо участкаларынын жайларынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, Ала-Бука, Ноокен, Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссияларынын №2281, №2163, №7066, №7031 жана №7037 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде айрым округдук шайлоо комиссияларынын даректерин өзгөрттү.

Ошентип, төмөнкү округдук шайлоо комиссияларынын даректери өзгөртүлдү: 

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы А.Ражапов көчөсү – 38 дареги боюнча маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 2281 шайлоо участогун Өрүктү айылы, А.Ражапов көчөсү – 12 дареги боюнча жайгашкан А.Жуманазаров атындагы орто мектептин имаратына.   

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол айылындагы Тоскоол-Ата көчөсү – 59 дареги боюнча Тоскоол-Ата токой чарбасынын имаратында жайгашкан № 2163 шайлоо участкасынын дареги Тоскоол айылы, Чарчы-Дөбө көчөсү – 55 дареги боюнча жайгашкан Н.Токторбаев атындагы орто мектептин имаратына. 

- Чүй облусунун Токмок шаарынын Гагарин көчөсү – 71 дареги боюнча Токмок агроөнөр жай колледжинин имаратында жайгашкан Токмок шаардык № 7066 шайлоо участкасынын дареги Токмок шаары, Гагарин көчөсү – 65 дареги боюнча И.Раззаков атындагы техникалык институттун имаратына. 

- Тегирменти айылы, А.Молдо көчөсү - №2/1 дареги боюнча жайгашкан №7031 шайлоо участогун Тегирменти айылы, Азиз көчөсү - №2/1 дареги боюнча жайгашкан Б.Солтонов атындагы орто мектептин имаратына. 

- Чүй облусу Чүй районунун Искра айылындагы Биянху көчөсү №53 дареги боюнча №61 кесиптик лицейинин имаратында жайгашкан №7037 шайлоо участогун Искра айылы, Победа көчөсү - №29 дареги боюнча орто мектептин имаратына. 

Ала-Бука, Ноокен, Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссияларына шайлоо участкаларынын даректеринин өзгөргөндүгү тууралуу шайлоочулар арасында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү