БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн К.Т. Ганыевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

26 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-сентябрында №3 Кадам-Жай шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Ганыев Каныбек Токтоматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.  

К.Т. Ганыев шайлоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары С.К.Ташбаевди, каржы маселеси боюнча А.А.Мурзахматовду дайындады. 

Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талакерлердин шайлоого катышуусу тууралуу билдирүү шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45календарлык күн калганда, б.а. 13-октябрда (кошуп алганда) аяктайт.