«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу билдирүү жасады
26 сентября 2021
«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» саясий партиясы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу билдирүү жасады.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-сентябрында өткөн жыйынында партиянын билдирүүсүн карап чыкты жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-, 8-беренелерине таянып, бул билдирүүнү эске алуу тууралуу чечим кабыл алды.
«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
