БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу талапкерден арыз түштү
26 сентября 2021
2021-жылы 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Мадмаров Уланбек Аданбековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз келип түштү.
У.А. Мадмаров шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары К.С. Айтматовду, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Н.А. Мадмаровду дайындады.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен жана Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнөв Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Усеновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен,Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен, Арстанбеков Акылбек Советбековичтен, Абакиров Аскар Джумабековичтен, Саккараев Медербек Джаманкуловичтен, Атажанов Ырысбек Ысламовичтен, Лилиенталь Юлия Викторовнадан,Джээнбеков Жусупжан Амражановичтен, Ганыев Каныбек Токтоматовичтен, Карагулов Кубанычбек Нарынбековичтен, Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтен, Сегизбаев Мирбек Абдрахимовичтен, Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевичтен, Сурналиев Талгат Чыныбековичтен жазуу жүзүндө билдирүү келип түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
