Адмресурсту колдонгондугу үчүн мамкызматчылар иштен бошотулат же жазык жоопкерчилигине тартылат – Республикалык штаб
24 сентября 2021
2021-жылы 23-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйналышы өттү.
Республикалык штабды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жетектейт, тең төрагалары – Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Санариптик ѳнүктүрүү министри Д.Догоев.
Коопсуздук кеңешинин катчысы баардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоо өткөрүүгө болгон күч-аракеттерин жумшоого, шайлоо процессин бузууларга өз убагында жана ыкчам көңүл буруп, бузуучуларга мыйзам алкагында тиешелүү чара көрүүгө тийиш экенин баса белгиледи.
Кайсыл бир саясий партиянын жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына бюджеттик чөйрөлөрдөгү кызматкерлерди – мугалимдерди, врачтарды, социалдык кызматкерлерди жана кварталдык комитеттердин кызматкерлерин пайдаланган фактылар аныкталган учурда бийликтин өкүлдөрүнө карата укук коргоо органдары тараптан катуу чаралар көрүлөөрү айтылды. Саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди мыйзамдарды сактоого, коомдук-саясий абалды курчутпоого, жеке кызыкчылык үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырышты.
Республикалык штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо округдарын түзүү принциптери, азыркы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү жана этаптары, эрк-ниетти эркин билдирүү жана тең атаандаштык үчүн шарт түзүү боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин камсыздоодогу эң маанилүү милдеттер тууралуу айтып берди.
Н. Шайлдабекова округдук шайлоо комиссиясы округдун борборунда болорун белгиледи (округдарды жана борборлорду https://shailoo.gov.kg/ru/files/53/ шилтемесинен көрсө болот), мында иш округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт, алар ошол округга кирген башка район жана шаарлар үчүн жооптуу болот. БШК төрагасы бийликтин аймактардагы органдарын округдардын борборлорунда дагы, округдагы башка калктуу конуштарда дагы округдук шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешип иштөгө чакырды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тарабынан берилген документтердин “Түндүк” системасын колдонуу менен шайлоо мыйзамдарынын талаптарына дал келүүсүн текшерүүнү камсыздоо зарылдыгы айтылды. ИИМ, ББИМ, МКСларга жарандык, жогорку билим, паспорттук маалыматтар жана соттолгондугунун болушу / жоктугу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын алкагында маалымат алмашууга даярдыкты камсыз кылуу тапшырылды. Административдик ресурсту колдонууга жол бербөөгө багытталган депутаттыкка талапкердин статусу жагынан мыйзамдарды өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары саясий кызматкерлер; ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык, мамлекеттин (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан ашкан үлүшкө ээ ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери болгон талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот. Мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы, муниципалдык кызматчы, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болуп саналган талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат.
Шайлоо өнөктүгүнө үй комитеттеринин, квартал комитеттеринин, муниципалдык кызматкерлердин катышуусун чектөө боюнча жоболор киргизилген. Кыргыз Республикасынын Маалымат жана маданият министрлигине жарандарды маалымдоо жана талапкерлердин дебаттары, жеке сөз сүйлөөсү үчүн акысыз эфир убактысын берүү боюнча иштерге борбордук телеканалдарды жана медиа борборлорду тартууга көмөк көрсөтүүсү тууралуу тапшырма берилди.
Н. Шайлдабекова 2021-жылдын 27-сентябрынан тартып өлкөнүн бардык аймактарында саясий партиялар, массалык маалымат каражаттары, укук коргоо органдары үчүн шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча тренингдер баштала турганын билдирди. Ошондой эле, бардык облустарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына жардам берүү үчүн штабдардын жыйындары өткөрүлөт. Шайлоо тутумунун өзгөрүшүнө байланыштуу жарандарга маалымдоонун маанилүү экени белгиленди, шайлоону өткөрүү тартиби жана добуш берүүгө катышу жөнүндө кабардар болууну жакшыртуу эрк-ниетти эркин билдирүүнү камсыздоо үчүн маанилүү милдет болуп саналат.
Жыйында ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыктары боюнча баяндамалары угулду.
Алар ошондой эле уланып жаткан коронавирус пандемиясынын шартында шайлоо участкаларында шайлоочулардын ден соолугун сактоо үчүн бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш планы бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү





