БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү

23 сентября 2021

2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Лилиенталь Юлия Викторовнаны 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.

Ю.В.Лилиенталь шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ю.В. Бибикованы, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары- Е.В.Купавцеваны дайындады.

БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен , Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен  Арстанбеков Акылбек Советбековичтен, Абакиров Аскар Джумабековичтен,Саккараев Медербек Джаманкуловичтен жана Атажанов Ырысбек Ысламовичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү