БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
21 сентября 2021
2021-жылы 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
С.Т. Кебекбаев шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Д. Мамасалиевди, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.К. Сасыкуловду дайындады.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калгандаб.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди талапкердин өзүнүн аталган шайлооокругу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, ИбраимовСанжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш , Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен жана Усупов Тилек Сабыровичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
