БШК Ала-Бука, Талас, Араван жана Ноокат округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди

21 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 21-сентябрда жыйналышында Ала-Бука, Талас, Араван жана Ноокат округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

Ала-Бука округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Ибраймалиева Нурила Осмонкуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Сарибекова Айсулуу Абзалбековна Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.

Талас округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Муктар уулу Кубанычбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Жусупбеков Жантөш Жолдошбекович Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан комиссиянын курамына киргизилсин.

Араван округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Закиров Мусабек Бердибекович жана Шерматов Ахмаджан комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Абдраимова Айзат Сайпидиновна Араван аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен, Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан комиссиянын курамына киргизилсин.

Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Шафигулина Мунира Равильевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Гафуров Маруфжан Мамасидикович Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Ала-Бука, Талас, Араван жана Ноокат округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү