Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
21 сентября 2021
2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 17-сентябрда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап чыгып, бекитти.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Асакеев Рыскельди Догдурбаевич катталган. Добуш берүүгө Ак-Чий айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты катышкан. Р. Д. Асакеев 9 добуш алган, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилген. Добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Асакеев Рыскельди Догдурбаевич Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
