БШК өкүлдөрү Россиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого эл аралык байкоочу катары катышат

19 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жана Кыргыз Республикасынын  Элчилигинин кызматкерлери КМШ жана ШКУ Миссияларынын курамында Москва шаарында өтүүчү Россия Федерациясынын сегизинчи чакырылыштагы Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышат.   

2021-жылдын 19-сентябрында Кыргызстандын өкүлдөрү Москва шаарынын ар кыл участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзөт. Кыргызстан БШК мүчөлөрү Москвадагы РФ Коомдук палатасы тарабынан негизделген Россия Федерациясындагы шайлоолорго байкоо жүргүзүү борборунда болуп, алардын ишмердиги менен тааныша алышты. Аталган борбордо күнү-түнү байланыш борбору иштейт, ал бузуулар боюнча даттануулар менен кайрылган телефон чалууларды кабыл алат, ошондой эле жарандарга шайлоого катышуу маселелери боюнча маалымат жана консультацияларды берет. Байкоо жүргүзүү борборунда онлайн режиминде Россиянын шаарларында жана аймактарында добуш берүү кандайча өтүп жаткандыгын көрүүгө болот. Борборго Россия Федерациясынын 7 субъектисинде уюштурулган онлайн добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу да маалыматтар келип түшөт.  

Добуш берүү күнүндө аралаш шайлоо тутуму боюнча мамлекеттик думанын 450 депутаты шайланат: 225 - бир мандаттуу округ боюнча жана 225 – партиялык тизме менен. Шайлоого катышуу үчүн 14 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси катталган.

Бардыгы болуп бул күнү Россия Федерациясындагы 85 субъектте аймактык жана жергиликтүү деӊгээлдеги 4,4 миӊ шайлоо өнөктүктөрү өтмөкчү, анын ичинде: 

-  46 аймакта – РФ субъекттеринин мамлекеттик бийлик органдарына шайлоо; 

- 9 аймакта – РФ субъекттеринде жогорку кызмат адамдарын шайлоо; 

- 39 аймакта – РФ субъекттеринин мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүк) органдарынын деутаттарын шайлоо. 

РФтеги учурда өтүп жаткан шайлоонун өзгөчөлүктөрү – тынч күнүн жоюу, 17-19-сентябрда үч күндүк добуш берүү мүмкүнчүлүгү жана РФтин 7 субъектисинде биринчи жолу колдонулуп жаткан дистанттык добуш берүү.  

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү