КР БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка көрсөтүлгөн С.К. Ибраимовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-сентябрында №11 Алай шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешке депутаттыкка көрсөтүлгөн Ибраимов Санжар Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алды. 

С.К. Ибраимов шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ибраимов Кубанычбек Ибраимовичти, ал эми каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кубанычбек уулу Бакытбекти дайындады. 

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүмдөрүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлердин катышуусу тууралуу билдирүү  шайлоо округдарынын схемасы жана чекараларын бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) саат 18:00дө аяктайт.  

 КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү