КР БШК Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындады
16 сентября 2021
2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 5-октябрында 9-00дөн 12-00гө чейин өтөөрү белгиленди. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри А.Д. Халбеков берилген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулду.
Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
