КР БШК Талас облусунун Талас районунун А. Нуржанов айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
15 сентября 2021
2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-октябрына Талас облусунун Талас районунун А. Нуржанов айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Талас аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
