КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир нече депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
15 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышында Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Райышбеков Курсантбек Шеремановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Чыныбеков Арстанбек Манасовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылдык кеңешинин депутаты Олжобаева Нуржамал Курманбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Аширова Гулзар Акимбердиевнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Камалдинов Адылбек Камалдиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Юсупов Уланбек Манаповичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты Абакиров Данияр Жанболотовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Ысмайылов Эмил Ысмаиловичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Хасанова Сүйүмкан Бекмуратовнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Айдашева Сабирахан Маматамимовнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Аширматов Нургазы Арзыматовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жайыт комитетинин төрагасынын орун басары Төрөев Мамат Эргешовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Досбаев Аскарбек Асаталлаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат аялдар кеңешинин төрагасы Жапарова Тажиканга өткөрүп берилди.
Мындан тышкары, жыйналышта Алмазов Апастанды өз арызынын негизинде Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
