“Таза Шайлоо Ассоциациясы” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт

12 сентября 2021

 

2021-жылы 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Таза Шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин билдирмесин эске алды.

БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Бова Эдир Исмаровичти, Талканчиев Медер Неербековичти “Таза Шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочулар катары каттоо чечимин кабыл алды.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү