БШК “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты
06 сентября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-сентябрындагы жыйналышында “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты.
2021-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөтүлүп, Ж.К. Кадыракунованын колтамгасы менен “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөн саясий партиялардын тизмесинде “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын жетекчиси катары Молокоев Кадыракун көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясына “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясы берген билдирмеге Кадыракунова Жайнагүл Кадыракуновнанын колтамгасы коюлган, ал жетекчи катары көрсөтүлгөн.
Аталган билдирмени кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү документтерди кабыл алуу жана каттоо боюнча Жумушчу топ тарабынан көрсөтүлгөн дал келбестиктер жөнүндө билдирме берилген.
2021-жылдын 6-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын жетекчисине байланыштуу актуалдашкан маалымат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине суроо-талап жиберген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2021-жылдын 6-сентябрындагы катында Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарына ылайык Молокоев Кадыракун “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын жетекчиси болуп саналарын билдирди.
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат”.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
