Маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топ шайлоо процессинин катышуучулары үчүн маалыматтык өнөктүктүн этаптарын талкуулады
02 сентября 2021
Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйналышы өттү. Жумушчу топтун курамына КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери, эксперттер жана айрым медиа уюмдардын өкүлдөрү кирген. Жыйналыш КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын катышуусу менен өтүп, ал катышуучуларга шайлоо процессинин негизги этаптары тууралуу маалымат берди.
Жумушчу топ 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү убагындагы маалыматтык өнөктүктү, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына маалымдоодогу негизги ыкмалар талкуулады. Маалыматтык өнөктүк шайлоо этаптарына ылайык өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленди.
- иш-чаралар планына даректүү материалдарды, шайлоочулардын айрым топторуна – жаштарга, аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөң жарандарга багытталган, ошондой эле депутаттыкка талапкерлерге маалымат берүүчү ар түрдүү тариздерди киргизүү чечилди. Шайлоочулардын ар бир тобу үчүн кыйла натыйжалуу ыкмалар иштелип чыгат.
Жумушчу топтун чечими боюнча жаштардын уюмдары, жаш активисттер жана блогерлер менен жолугушуу уюштурулат.
Кийинки жыйналышында Жумушчу топ маалыматтык өнөктүк үчүн басылма жана көрмө материалдардын тизмегин карайт, ошондой эле маалымдоо чөйрөсүндөгү шайлоо процессин жөнгө салуучу бир катар ченемдик укуктук актыларды талкуулоону улантат.
КР БШКнын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу тобу шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына маалымдоону, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген басма же башка үгүт материалдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн кароону, материалдарын топтоону жана системага салууну, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин бузуулар жөнүндө материалдарды топтоштурууну жана системага салууну ж.б. жүзөгө ашырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү









