Урматтуу мекендештер!

30 августа 2021

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди биздин Мекенибиздин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайт!

30 жылдын ичинде өлкөбүз жаңылыштыктардын ачуу даамын дагы татып, жетишкендиктердин кубанычына дагы батып, өнүгүүнүн жолундагы күңгөй-тескейди башынан өткөрдү. Кыргызстандын эли ушул жолдогу мамлекеттүүлүктүн баалуулуктарын жана биримдик менен баш кошкондуктун маанилүүлүгүн түшүнүп, өлкөнүн көз карандысыздыгын сактап кала алды!

30 жылдын ичинде өлкөнүн өнүгүшү менен бирге Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму дагы чоң өзгорүүлөрдү басып өттү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана аны шайлоолордо жана референдумдарда ишке ашырат деп аныктайт.

Республиканын жаңы Конституциясында демократиялык эркин шайлоолордун маанилүү принциптери чагылдырылган. Шайлоолор аркылуу шайланма органдар жана жогорку кызмат адамдары легитимдешет, ал эми референдумдарда жалпы элдик добуш берүү менен өлкө тумушунун эң маанилүү маселелери чечилет.

Мамлекеттин милдети – шайлоочулардын эркин добуш берүүсү жана баардык талапкерлер менен партиялардын шайлоого тең катышуусу үчүн бүт зарыл шарттарды түзүү.

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында бурмалоолордун жана башка одоно бузуулардын кесепетинен шайлоолор коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна себеп болгон учурлар аз эмес.

Жарандардын колдоосу аркасында мамлекет ырааттуу ишке ашырган шайлоо укугунун жана процессинин реформаларынын натыйжасында бүгүнкү этапта добуш берүүнүн натыйжаларынын аныктыгына жетишүүгө, заманбап санариптик технологиялардын жардамы менен бурмалоолорго ишенимдүү бөгөт коюуга жана атаандаш эркин шайлоо өткөрүүгө пайдубал түзүүгө мүмкүн болду.

Бирок маанилүү болсо дагы, жолдун бир бөлүгүн гана басып өттүк. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын, жарандык коомдун, ЖМКнын биргелешкен күч-аракеттери менен алдыда шайлоонун саясий жана укук маданиятын мындан ары арттыруу, шайлоодо бузууларга каршы аракеттенүүнүн натыжалуулугун жогорулатуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо, жарандардын баардык категорияларынын шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу милдеттери турат.

Көз карандысыздык күнү баарыбыз үчүн жарандык биримдиктин, өлкөнүн учуру жана келечеги үчүн ар бирибиздин жоопкерчилигибиздин символу болуп саналат.

Биздин Мекенди сүйүүбүз, өз ара түшүнүүбүз жана бири-бирибизди колдообуз, эмгекчилдигибиз жана биргелешкен күч-аракеттерибиз өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүп, гүлдөтүү үчүн негиз болооруна ишенебиз!

Ушул улуу күнү ар бириңизге, сиздердин үй-бүлөңүздөргө ак дилибизден чың ден соолук жана бакубат турмуш, ийгилик жана гүлдөп, өнүгүү каалайбыз!

КР Борбордук шайлоо комиссиясы