Аял-активисттерге жаңы шайлоо мыйзамынын гендерлик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылды
24 августа 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Аялдар демократиялык түйүнүнүн Кыргызстандагы өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өттү.
Жаңы шайлоо тутуму боюнча маселелер, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жолугушуунун темасы болду.
КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов катышуучуларга жаңы мыйзамдарга киргизилген гендерлик жана жаштар үчүн квоталар, пропорциялык жана мажоритардык тутумдар боюнча көрсөтүлгөн аял талапкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
Пропорциялык тутум боюнча талапкерлердин тизмелерин түзүүдө төмөнкү квоталар каралууда:
- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында Медиа мектеп таризинде өттү. Ал Медиа мектеп жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, блогерлерге, биринчи кезекте жаштардын арасынан жарандык коомдун өкүлдөрүнө багытталган. Жолугушууларда этаптарынын кезектүүлүгүнө ылайык шайлоо процессинин актуалдуу маселелери чагылдырылат.
Актуалдуу шайлоо маселелерин чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана кызматкерлерин, шайлоо процесси жана мыйзамдары, медиа, фактчекинг ж.б. чөйрөлөрүндөгү көз карандысыз эксперттерди тартылууда.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү






