Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды

26 августа 2021

Бүгүн – 2021-жылы 26-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Жунушалиев Айбек Жанышбекович шаар башчысы болуп шайланды.

Бишкек шаардык кеңешинде баардыгы 45 депутат бар. А.Ж. Жунушалиевди катышкан 45 депутаттын 43 депутаты колдоду.

Маалымат үчүн: “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган, соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт.

 

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү