Ведомстволор аралык жумушчу топ Жалал-Абад облусунда, Ош шаарында жана Ош облусунда шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча экинчи жыйналышын өткөрдү
21 августа 2021
Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында 2021-жылы 20-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Жалал-Абад облусунда, Ош шаарында жана Ош облусунда шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча экинчи жыйналышы өттү.
Жумушчу топтун жыйналышына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (Карашев А.А., Бакиров О.М., Сулайманов А.Т.), мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Ош шаарынын вице-мэри, Ош жана Жалал-Абад облустарынын райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Жалал-Абад облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорун талкуулоодо райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери мүмкүн болгон баардык варианттарды изилдеп чыгып, Жалал-Абад облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сунуштаган долбоору боюнча бир пикирге келишти.
Талкууга төмөнкүлөр катышты: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акматов М.Т., Аксы районунун акими Сыдыков З.Б., Ала-Бука районунун акими Сатаров Н.Б., Базар-Коргон районунун акими Сатыбалдиев Д.М., Ноокен районунун акими Шаршеналиев Н.А., Сузак районунун акими Сыдыкназаров Б.Ж., Тогуз-Торо районунун акими Карагулов М.К., Чаткал районунун акими Сенирбаев А.Ж., Токтогул районунун акиминин орун басары Кожобергенов Н.К., Жалал-Абад шаарынын мэри Ормоков Э.А., Майлуу-Суу шаарынын мэри Умаров Н.Э., Таш-Көмүр шаарынын мэри Доулбеков Н.Т., Кара-Көл шаарынын вице-мэри Курамаев М.С.
Ош шаарынын жана Ош облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорун талкуулоодо жыйналыштын катышуучуларынын пикири экиге бөлүндү. Ушуга байланыштуу Ош шаарынын жана Ош облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын оптималдуу варианттарын иштеп чыгууну улантуу чечими кабыл алынды. Мында райондордун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерине ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна кошумча сунуш киргизүү тапшырылды.
Талкууга төмөнкүлөр катышты: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алайчиев Б.Б., Ош шаарынын вице-мэри Юсупов З.Б., Өзгөн районунун акими Раматов М.С., Кара-Кулжа районунун акими Кенжебаев А.Б., Араван районунун акими Кулубаев С.Д., Чоң-Алай районунун акими Абыкеев Т.А., Ноокат районунун акиминин орун басары Абилов М.Р., Алай районунун акими Апбасов К.С., Кара-Суу акиминин орун басары Куланова А.М.
2021-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин – аралаш тутум боюнча шайлоо тартибин аныктайт:
- 54 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү);
- 36 депутат мажоритардык тутум боюнча шайланат (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү).
Шайлоо округдарын түзүүнүн н6егизги критерийлери
Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорциялык тутум боюнча шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүт аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат.
Жогорку Кеңештин 36 депутатын бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүлөт.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин 36 депутатын шайлоону өткөрүү калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо күнү дайындалгандан кийинки 3 календардык күндөн кечиктирбестен беришкен маалыматтардын негизинде түзүлгөн шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.
Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
Жогоруда аталган талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
2021-жылдын 12-августуна карата шайлоочулардын саны 3 млн. 657 миң 805 адамды түздү.
Ар бир шайлоо округу болжолдуу эсеп боюнча 100 миң 266 сандагы шайлоочудан түзүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү дайындалгандан кийинки 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу пункттардын тизмегин, ар бир шайлоо округунун номурун жана борборун, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын санын түзөт жана бекитет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
