БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Абдугапаров Авазбек Абибулаевичке өткөрүп берди
20 августа 2021
Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Абдугапаров Авазбек Абибулаевичти «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК токтому менен Абдугапаров Авазбек Абибулаевич КР Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылды.
Токтом «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
