Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү аяктады

18 августа 2021

Бүгүн – 2021-жылы 18-августта саат 18:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин кызмат орундарына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Көрсөткөн субъектилер тапшырган документтердин ылайыктыгы текшерилгенден кийин аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин кызмат орундарына талапкерлерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алышат.

№ п/п

Шаарлардын

аталыштары

Көрсөтүлгөн талапкерлердин

ФАА

Көрсөткөн субъект

Депутаттардын

жалпы саны

Бишкек ш.

1.

Бишкек ш.

 

2021-жылдын 18-августу

Депутаттардын

саны - 45

Жунушалиев Айбек Жанышбекович

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы жана

Бишкек шаардык кеңештин

көпчүлүк коалициясы

 

 

 

 

Ош ш.

2.

Ош ш.

2021-жылдын 18-августу

Депутаттардын

саны - 45

Мамбетов

Алмаз Ишенбекович

«Аманат»

көпчүлүк коалициясы

 

Токмок ш.

3.

Токмок ш.

2021-жылдын 18-августу

Депутаттардын

саны - 31

Самаев

Урмат Обозбекович

Көпчүлүк коалициясы

("Бирге-Вместе",

"Патриот Ынтымагы",

"Эл Биримдиги")

 

Кубатбек уулу Азат

Азчылык коалициясы

("Эмгек",

"Асыл Мурас-Жаштары")

 

 

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү