КР БШКнын мобилдик топтору алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча чет өлкөлөрдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

18 августа 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үстүбүздөгү жылдын сентябрында чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган кыргызстандыктардын арасында алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн мобилдик топторду жөнөтөт.

Мобилдик топтордун иши БУУӨПтүн 2020-2021-жылдары жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду колдоо үчүн дараметти өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында Германия, Швейцария жана Япония өкмөттөрүнүн колдоосу алдында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен өткөрүлгөн онлайн жолугушуулардын жыйынтыгында уюштурулат. Мобилдик топтордун курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери киргизилет.

Мобилдик топторду жөнөтүү графигин пландоодо COVID-19 пандемия шартында ар бир конкреттүү мамлекетте болуучу санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөр милдеттүү түрдө эске алынат, ал эми топтордун мүчөлөрүнүн жарандар менен жолугушуусунун жүрүшүндө тиешелүү талаптар кыйшаюусуз сакталат.

Жарандар менен жолугушууларда чет өлкөлөрдөгү мекемелерде  офлайн жана онлайн боюнча консулдук каттоого коюу маселелери талкууланат, биометрикалык маалыматтарды жана электрондук санариптик колтамганы чогултуу уюштурулат, жарандык маселелер боюнча түшүндүрмөлөр, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн керектүү  документтер берилет, шайлоо участокторунун даректери жана саны такталат, ошондой эле  жаңы шайлоо тутуму боюнча кеңештер айтылат.   

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мобилдик топторду пайдалануунун оң тажрыйбасы бар, анда жарандарга консулдук каттоого коюу жол-жобосун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдар көргөн чаралардын натыйжасында чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмеси кыйла өскөнү катталган. Ошого жараша Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашаган көп сандагы жарандары өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Атап айтканда, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөлөрдө катталган 15 312 шайлоочу үчүн чет өлкөлөрдө 36 шайлоо участогу ачылган, 2017-жылы КР Президентин шайлоодо катталган 18 580 шайлоочу үчүн чет өлкөлөрдө 37 шайлоо участогу ачылган.

Мобилдик топтордун ишинин жыйынтыгы боюнча 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө 45 УШК түзүлгөн, анда чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын саны кескин түрдө көбөйгөн жана бул сан 32 602 шайлоочуну түзгөн.

2021-жылдын январындагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо чет өлкөлөрдөгү УШКлардын саны 48ди түзгөн, мында катталган шайлоочулардын саны 49 479 жаранга өсүп, жетти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү