БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүдө

16 августа 2021

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүдө.

Текшерүү иш сапары региондордо 2021-жылдын 16-августунан тартып 6-сентябрына чейин созулат:

Баткен облусу –16-августтан 23-августка чейин;

Ош ш., Ош облусу – 24-августтан 6-сентябрга чейин;

Жалал-Абад облусу – 16-августтан 31-августка чейин;

Бишкек ш., Чүй облусу – 16- августтан 31-августка чейин.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөнүн эске салабыз.

КР БШК мүчөсү Гайпкулов Искендер Төрөбаевич көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси болуп саналат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү