Журналисттер шайлоо мыйзамдары боюнча өз билимин сынашты

13 августа 2021

ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер жамааты шайлоо тутумуна жана шайлоо процессине арналган «Quiz Night» деп аталган интеллектуалдык оюнга катышты.

Оюн "Electoral Rights Fest" жумалыгы алкагында Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) тарабынан АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) көмөктөшүүсү алдында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун жана шайлоо мыйзамдарын, шайлоолордун тарыхын жана саясий коррупцияга каршы аракеттенүүдө дүйнөлүк тренддерди түшүнүүнү кеңейтүүгө багытталды.

Журналисттерден, блогерлер жана жарандык активисттерден түзүлгөн 10 команда шайлоо, шайлоо укугун ишке ашыруу, шайлоодогу гендерлик өкүлчүлүк маселелери боюнча билимин текшерип, мелдешти. Маселелердин өзүнчө топтому жаштардын шайлоодогу жана чечим кабыл алуу процессиндеги ролуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын өкүлчүлүгүнө, квоталарга тийиштүү болду.

Катышуучулар бул иш-чара алдыда өтүүчү парламенттик шайлоого байланыштуу жаңы шайлоо циклынын алдында актуалдуу экендигин белгилешти.

Көз карандысыз журналисттер бирлигинин төрага орун басары Семетей Аманбеков шайлоо процессин түшүнүүнү арттырууда бул сыяктуу иш-чаралардын ролун белгиледи:

“Жакында эле парламент «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Конституциялык мыйзамды кабыл алды. Ушул сыяктуу интеллектуалдык оюндар аркылуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу жаңы билим бекемделет. Ошондой эле ар бир катышуучу коңшу өлкөлөрдүн жана бүт дүйнөнүн шайлоо мыйзамдары тармагында өз билимин кеңейте алды. Мен кызыктуу көп билим алдым, бул биздин шайлоо тутумубузду өркүндөтүүгө өз салымымды кошуума мындан ары жардам берет”.

Оюндун алкагында жарандык коомду чыңдоодо, шайлоо процесси аркылуу келечектеги лидерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө IFES менен USAIDдин ролу белгиленди.

“Биз ушундай интеллектуалдык оюндарга катышып келаткан эски топтордун бирибиз. Ар бир жолкуда тема – ар түрдүү, маселелер азыркы учурда элге эң кызыктуу. Күзүндө шайлоо өтөт. Шайлоо деген эмне, жаштар, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар шайлоого кандай катышат – ушунун баары абдан кызыктуу. Биз башка өлкөлөрдүн билим, тажрыйбасын алгандыгыбыз менен дагы өзгөчө кызыктуу, анткени бул оюн Кыргызстандын чегинен небак эле чыгып кеткен. Биз өлкөбүздөгү эле гана эмес, бүт дүйнөдөгү шайлоолордун тажрыйбасын окуп-үйрөнөбүз”, - деп айтты Медиа коммуникациялардын республикалык окуу борборунун директору Аделя Лаишева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттардын чыгып калгандыгына тиешелүү суроосу медиа жамаатынын өкүлдөрүнүн жандуу дискуссиясын пайда кылды.

“Оюн кызыктуу болду, маселелер учурда Кыргызстанга киргизилип жаткан аралаш шайлоо тутуму жөнүндө түшүнүк берди, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн квота жөнүндө билдик. Швейцариядагы, Ливандагы, башка өлкөлөрдөгү шайлоо процесси, аларда жаштардын шайлоо укуктары кандай ишке ашырылары жөнүндө билдик.”, - деп жыйынтыктады сөзүн “Politmer.kg” маалымат сайтынын редактору Наргиза Нанакеева.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү