КР БШК Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону дайындады

10 августа 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону дайындады.

Чүй облусунун жаңы шайланган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясы 2021-жылы 9-августта болуп өттү.

Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү