КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
10 августа 2021
2021-жылы 10-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Токтогул, Чаткал, Базар-Коргон, Панфилов, Сокулук, Чүй, Жайыл, Каракол, Баткен жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Бактияров Элмурод Эркинбековичтин (№5, “КСДП” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Тууганбаев Байызбек Болотбековичке (№10, “КСДП” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айылдык кеңешинин депутаты Кушубеков Нурслан Молдоясовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Тойчубеков Руслан Сманбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңешинин депутаты Оморов Чынгыз Ашырбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат чарба башчысы Батырканов Каим Сатыбалдиевичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Атакулов Талантбек Токторбаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Абжапаров Асылбек Рахмановичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Жумаев Канатбек Атывалдиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Исаев Нурислам Садыкбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Узакбаев Нурлан Мансуровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «Альфа-Телеком» ЖАКтын кароолчусу Мамбеталиев Равиль Соорбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаты Шаршенов Бекжан Сталбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Орозалиев Бакыт Турарбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Тойгонбаев Камаль Мухамедовичтин (№1, “Социал-Демократтар” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Блавест Рифей ЖЧКнын сатуу боюнча менеджери Петручик Василий Васильевичке (№4, “Социал-Демократтар” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Кош жарандыгы болгодугуна байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаты Акматов Уларбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Талас уулу Замирбекке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Чүй облусунун Чүй районунун Шамшы айылдык кеңешинин депутаты Алышпаев Замир Тентишевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Мегалайндын” адиси Суюмбаев Айбек Алмазбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Оскенов Акылбек Бозумовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Исакова Гүльмира Джолдошбековнага өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдылдаева Какин Шакеновнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңешинин депутаты Кунтубаев Рахат Эсенбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кара-Балта мэриясынын адиси Усубалиев Азат Эриковичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаты Азаматов Калыс Болотовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саадаков Алтынбек Абдыкапаровичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Өзүбеков Максат Кеңешбековичтин (№1, “Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жанышев Жеңиш Жанышевичке (№8, “Эмгек” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айылдык кеңешинин депутаты Дубанаев Бакытбек Зайнидиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Турганбаев Нурлан Токтосуновичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаты Сатиева Аймира Акматжановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Умаралиев Абдималик Өмүрзаковичке өткөрүп берилди.
Мындан тышкары, БШК талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Каракол жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин карап, бекитти. Каза болгондугуна байланыштуу талапкер Иманакунов Ургазы Жолдошевич Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды. Талапкер Раджабов Кубанычбек Бекбутаевич өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
