Бишкек АШКнын Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциялар коалицияларына, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасына КАЙРЫЛУУСУ

09 августа 2021

 

“Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-августундагы №643 токтомуна ылайык Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды, шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштады. Мыйзамдарга ылайык шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы укуктуу.

Каттоо үчүн Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 2021-жылдын 18-августунан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;

2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтарын;

4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, жогорку билим жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү);

5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечимин;

6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты;

7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген).

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү шарттары жана тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтына жайгаштырылган “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жободон кеңири таанышса болот.

Маалымат алуу үчүн телефондор:

Бишкек АШК - (0312) 38 24 26,

Бишкек АШК катчысы - (0550) 65 54 45