БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди
28 июля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-июлунда Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кошбаков Сапарбек Балтабаевич, Абдимомунова Айзирек Абдимомуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыразаков Азизбек Камчибекович, Айдарали кызы Каныгул, Жапарова Айжаркын Бахадыровна, Мамажанова Гулмира Мирзатовна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
Токтом Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясыынын мүчөлөрү С.Б. Кошбаковдун, А.А. Абдимомунованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө, ошондой эле Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясыынын резервинде турган А.К. Абдыразакованын, Айдарали к. К., А.Б. Жапарованын, Г.М. Мамажанованын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынган.
КР БШК маалымат бѳлүмү
