КР БШКнын 2021-жылдын 26-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
26 июля 2021
Өткөрүү датасы: 26-июль 2021-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын арызы боюнча
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө.(Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 7-июлундагы токтомуна байланыштуу, баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү)
3. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө.
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин төрагасынын жана депутаттар тобунун Сокулук АШКнын 2021-жылдын 9-июлундагы №131 чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызы жөнүндө.
(баяндамачы –Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
5. Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ыкчам чара коруучу координациялык тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы - М. Кутбердиева - жумушчу топтун мүчөсү)
6. Ар кандай маселелер
