КР БШК аппаратынын кызматкерлери үчүн жеке маалыматтарды коргоо боюнча тренинг өткөрүлдү
23 июля 2021
2021-жылы 23-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз
Республикасында шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде
шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча сунуштар” деген
темада КР БШК аппаратынын кызматкерлери үчүн тренинг уюштурулду.
Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке
маалыматтарын коргоо жана жеке маалыматтардын маалыматтык
коопсуздугу окутуучу иш-чаранын максаты болду.
ЕККУнун Программалык офисинин жана “Интернет саясатынын
жарандык демилгеси” коомдук фондунун колдоосу алдында уюштурулган
тренингде жеке маалыматтарга байланыштуу маселелер талкууланды, жеке
маалыматтарды укуктук жактан жөнгө салуу жана маалыматтык коопсуздук
жөнүндө баяндамалар жасалды, бул өңүттө кездешүүчү көйгөй маселелер,
аларды чечүү жөнүндө кеңири сөз болду.
Ошондой эле тренингде Грузиянын жеке маалыматтарын коргоо
чөйрөсүндөгү эл аралык эксперт Тамар Калдани “Шайлоону даярдоо жана
өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча
усулдук сунуштар” деген темада онлайн режиминде баяндама жасады.
БШК аппаратынын кызматкерлери жеке маалыматтарды коргоо,
биометрикалык маалыматтар сыяктуу маанилүү маселелерди жигердүү
талкуулашты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
