Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
13 июля 2021
2021-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында 2021-жылы 7-июлда өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Байзаков Дарвиш Элчибекович жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн Абдырахманов Замирбек Дүйшөбаевич катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен добуш берүүгө Кара-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышканы, 1-турда –
Байзаков Д. Э. – 9 добуш, Абдырахманов З. Д. – 3 добуш алганы, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 9 добуш берилгени,
2-турда – Байзаков Д. Э. – 13 добуш алганы, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 8 добуш берилгени белгиленген.
Кайталап шайлоонун натыйжасы тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Байзаков Дарвиш Элчибекович Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
