Саат 20.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 30,51%ды түздү

11 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 20.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт.

Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 188 396 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 30,51%ын түздү.

Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй:

Бишкек шаары боюнча – 104 693 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 24,54%ы.

Ош шаары боюнча – 66 730 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 43,69%ы.

Токмок шаары боюнча – 16 973 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 44,55%ы.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү