КР БШК: Кайталап шайлоодо партиялар канча каражат коротту

11 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна карата саясий партиялардын (Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайталап шайлоо) шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалуусу жөнүндө маалымдайт (банк маалыматтары боюнча, 5-форма).

Ыйгарым укуктуу банктардын (Айыл банк, РСК банк) алдын ала маалыматтарына ылайык Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 44 308 790 сом өлчөмүндө каражат түштү, анын ичинде шаарлар боюнча төмөнкүдөй:

Бишкек шаары боюнча – 34 343 347 сом;

Ош шаары боюнча – 7 810 679 сом;

Токмок шаары боюнча – 2 154 764 сом.

Шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан44 253 630 сом чыгымдалды, анын ичинде шаарлар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй:

Бишкек шаары боюнча – 34 342 187 сом (бул - 77,6 %);

Ош шаары боюнча – 7 770 679 сом (бул - 17,6 %);

Токмок шаары боюнча – 2 140 764 сом (бул - 4,8 %).

Чыгымдардын жалпы суммасынан шайлоо күрөөсү катары 1 470 000 сом төлөндү (бул - 3,3%ды түздү);

Бишкек шаары боюнча – 900 000 сом (бул - 2,0 %);

Ош шаары боюнча – 450 000 сом (бул - 1,0 %);

Токмок шаары боюнча – 120 000 сом (бул - 0,3 %).

 

Маалымат үчүн:

 

Шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 300 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине – 50 000 сом;

2) шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) – 20 000 сом.

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун чыгымдары боюнча отчёттор менен мында таанышса болот: