Үч шаарда кайталап шайлоодо добуш берүү аяктады

11 июля 2021

Саат 20.00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү аяктады.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын электрондук ресурстарында, анын ичинде Маалыматтык шайлоо тутумунда https://newess.shailoo.gov.kg/ru/ шилтемеси боюнча жеткиликтүү болот.

Маалыматтык шайлоо тутуму шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде маалыматтык процесстерди ишке ашырууга арналган, анда шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү, ошондой эле АЭУ аркылуу алынган добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жана добуштарды кол менен саноонун негизинде добуш берүүнүн биротоло жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жыйындысын чыгаруу жана чагылдыруу жүргүзүлөт.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары угуза окулгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектер Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен жөнөтүлөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү