​​​​​​​КР БШК мүчөсү К.А. Маматов партиялардын лидерлерине: Добуш берүү күнүндөгү бузуулардын бардык фактыларына укуктук баа берилет

11 июля 2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын брифингинде БШК мүчөсү Кайрат Маматов үч шаардагы шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлерине кайрылды.

“Саясий партиялардын лидерлерине,  талапкерлерге кайрылгым келет: добуш берүү күнүндө партиялардын өкүлдөрү тараптан бузуулардын бардык фактыларына укуктук баа берилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда чечимдер мыйзамдарга ылайык кабыл алынат. Мурда көрүлгөн чараларды бул жолу дагы көрөбүз.

Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга жол бербөөңүздөрдү өтүнөм.

Шаарлардын кеңештери ишине киришүүсү үчүн биз шайлоону талаптагыдай өткөрүшүбүз керек. Экономиканы өнүктүрүүдө, социалдык чөйрөдө чечүү зарыл болгон көп милдеттер топтолду”, - деди ал.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү