Саат 16.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 21,40%ды түздү
11 июля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 16.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт.
Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 132 139 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 21,40%ын түздү.
Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй:
Бишкек шаары боюнча – 71 629 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 16,79%ы.
Ош шаары боюнча – 48 977 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 32,07%ы.
Токмок шаары боюнча – 11 533 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 30,27%ы.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

