Эки шаарда кайталап шайлоодо саат 12.00 гө карата добуш берүүгө келүү мурдагыдай эле апрелдегиден ашык

11 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 12.00гө карата добуш берүүгө келүүсү мурдагыдай эле ушул эле шаарлардагы 2021-жылдын апрелиндеги шайлоого шайлоочулардын бул убакытка карата добуш берүүгө келүүсүнөн ашты.

Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 3 931 шайлоочуга же шайлоочулардын жалпы санынан 0,49%га көп.

Ош жана Токмок шаарлары боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгү төмөнкүдөй:

Ош шаары боюнча – 3 545 шайлоочуга же 2,2%га көп.

Токмок шаары боюнча – 1 861 шайлоочуга же 5,05%га көп.

Бишкек шаарында жигердүүлүк бир аз солгундады – 11-июлдагы шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү апрелдегиден 1 475 шайлоочуга же 0,5%га төмөн.

2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны

Шайлоо округу

Шайлоочулардын

саны

10:00

%

12:00

%

Бардыгы:

610149

26698

4,38

73095

11,98

Бишкек шаардык кеңеши

419901

12920

3.08%

40746

9.70%

Ош шаардык кеңеши

151671

11976

7.90%

27395

18.06%

Токмок шаардык кеңеши

38577

1802

4.67%

4954

12.84%

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2021-жылдын 11-июлундагы кайталап шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны

Шайлоо округу

Шайлоочулардын

саны

10:00

%

12:00

%

Бардыгы:

617517

35506

5,75

77026

12,47

Бишкек шаардык кеңеши

426699

17569

4.12%

39271

9.20%

Ош шаардык кеңеши

152718

14868

9.74%

30940

20.26%

Токмок шаардык кеңеши

38100

3069

8.06%

6815

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү