Добуш берүү жыйынтыктарын чагылдырууну онлайн режиминде кантип көрсө болот
11 июля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын ачык жана ыкчам чагылдырууну камсыз кылууда.
КР БШКнын маалыматтык шайлоо тутуму (МШТ) добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды даярдоого жана ѳткѳрүүгө, ошондой эле чагылдырууга арналган. МШТ Кыргыз Республикасындагы шайлоонун жана референдумдун баардык этаптарындагы процесстерге жарандык контролду камсыз кылууда.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
