Саат 10.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 5,75%ды түздү
11 июля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 10.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт.
Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 35 506 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 5,75%ын түздү.
Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй:
Бишкек шаары боюнча – 17 569 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 4,12%ы.
Ош шаары боюнча – 14 868 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 9,74%ы.
Токмок шаары боюнча – 3 069 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 8,06%ы.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү


