Кайталап шайлоонун бүт мезгилинде Бишкек АШКга 14 арыз түштү
11 июля 2021
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) 2021-жылдын 27-майынан 2021-жылдын 9-июлуна чейинки мезгилде түшкөн арыздар жөнүндө маалымдайт. Бардыгы 14 арыз түштү, анын ичинде 8и шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тиешелүү. Баардык арыздар Бишкек АШКда каралып, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
11-июлга карата КЖБРге төмөнкүлөр катталды:
- жазык иштери боюнча - 6 иш;
- жорук иштери боюнча - 2 иш;
- номенклатуралык ишке өткөрүлдү – 10 иш.
18 саясий партия, 1 238 талапкер катталды.
Бишкекте шайлоочулардын саны – 426 699 адам.
183 УШКда жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө 2 605 арыз берилген, 2 277 шайлоочу добуш берди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
