Укук коргоо органдарынын үч миңден ашык кызматкери шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздашат

11 июля 2021

Укук коргоо органдарынын атайын даярдыктан өткөн үч миңден ашык кызматкери шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздашат. Мындан тышкары, ар бир шаарда Ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлдү, алардын курамына аймактык шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Алар кырдаалга байкоо жүргүзүп, зарыл болгон учурда ар кандай укук бузууларга ыкчам чара көрүү үчүн баардык зарыл иш-аракеттерди жасашат.