Шайлоо участкасында добуш берүү жол-жобосу
11 июля 2021
Добуш берүү үчүн шайлоочу документин – паспортун же ID картасын көрсөтүп, манжаларынын изи же бет түзүлүшү боюнча биометрикалык идентификациядан өтүүгө тийиш.
Ар бир шайлоо участкасы шайлоочуларды биометрикалык идентификациядан өткөрүү үчүн 650-700 шайлоочуга жабдыктардын 1 комплектиси туура келген эсеп боюнча керектүү жабдыктар менен камсыздалды. Мисалы, адамды кармабай идентификациядан өткөрүү үчүн участкада 1 400 шайлоочу болсо, жабдыктардын эки комплектиси, 1 600 болсо, жабдыктардын үч комплектиси менен камсыздалды. Ошондой эле негизги шайлоо урналары бузулуп калса, пайдаланылуучу запастагы шайлоо урналары бар.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү үчүн 611 071 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайль тамгасы менен 326 бюллетень даярдалды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 425 532 бюллетень, Ош АШКга – 148 370, Токмок АШКга – 37 169 бюллетень жөнөтүлдү.
Добуш берүү үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенине саясий партиянын тушуна бир гана белги коюп, шайлоо бюллетенин автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүүгө тийиш
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялар тууралуу маалыматтар менен Сиз шайлоо участкаларында тааныша аласыз, баардык шайлоо участкалары саясий партиялар тууралуу маалыматтык плакаттар менен жабдылган.
Мындан тышкары, саясий партиялар тууралуу баардык маалыматтар «Талапкер» электрондук порталында жайгаштырылган, анда ар бир саясий партия, алардын программалары менен таанышса болот. Ошондой эле сайтта саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык кыймылдары жөнүндө маалыматтар бар. Борбордук шайлоо комиссиясы аң-сезимдүү тандоо жасашы үчүн жарандарды зарыл баардык маалыматтар менен камсыздады. Кабардар болуңуз, аң-сезимдүү жана эркин тандоо жасаңыз!
