Добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде 3 511 жаран добуш беришти

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде 3 511 жаран добуш беришти

11 июля 2021

Кечээ добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү өттү. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде добуш берүү үчүн 3 995 арыз түштү, анын ичинде Бишкекте – 2605 арыз, Ошто – 1168 арыз жана Токмокто – 222 арыз түштү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептер боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.

Ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген.

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын 3 511и иш жүзүндө добуш беришти. Бишкекте – 2277, Ошто – 1031 жана Токмокто – 203 шайлоочу добуш берди.