Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кеңештерге депутаттарды кайталап шайлоо башталды
11 июля 2021
Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо өтүп жатат. Үч шаардын тургундары 121 депутат шайлайт. Бишкекте – 18 саясий партия, Ошто – 8 саясий партия жана Токмокто – 6 саясий партия катышууда.
Саат 8.00дө 326 шайлоо участкасында добуш берүү башталды.
Добуш берүү саат 20.00гө чейин улантылат. Добуш берүү үчүн Cиз өзүңүз катталган шайлоо участкасына жеке өзүңүз келүүгө тийишсиз. Шайлоочулар «Тизме» порталынан, 1255 жана 119 номурлары боюнча чалып же өзүнүздүн ПИН номуруңузду көрсөтүү менен 119 номуруна чалып же СМС жөнөтүп (чалуу жана СМС акысыз), шайлоо участкасын билүүгө болот.




