Саат 18.00гө карата Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү. Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү аяктады
10 июля 2021
2021-жылы 10-июлда саат 18.00гө карата Бишкек шаары боюнча 179 шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү аяктады, 2 276 шайлоочу добуш берди. 228 шайлоо участогунан 183үндө шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген.
Ош шаары боюнча 78 шайлоо участогунун 65инде шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. 2021-жылы 10-июлда саат 18.00гө карата 30 УШК боюнча добуш берүү аяктады, жайдан тышкары жерде 1 168 шайлоочунун 1 027си добуш берди.
Токмок шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктады. Бардыгы 20 УШКда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде 222 шайлоочунун 203ү добуш берди. Баардык 20 шайлоо участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктады.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
