10-июль – “жымжырттык күнү”

10 июля 2021

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2021-жылдын 10-июлунда саат 8:00дөн тартып токтотулат.

Ошону менен бирге мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

Ошондой эле үгүт жүргүзүү үчүн БШКда аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар үгүт жүргүзүүгө укуксуз.

Шайлоо процессинин катышуучулары тараптан “жымжырттык күнү” бузулган учурда БШК бузуучуга карата тиешелүү чара колдонууга укуктуу.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоо эртең -  2021-жылы 11-июлда өтөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү