Үч шаардагы кайталап шайлоодо санитардык ченемдер катуу сакталат – КР БШК

10 июля 2021

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, участкалык шайлоо комиссияларына эпидемиологиялык коопсуздукту катуу сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү жөнөттү.

Жарандардын ден соолугун коргоо максатында КР БШК шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону өтүнөт.

КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР БШК бекиткен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана  жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары:

  • добуш берүү процесси башталганга чейин жана добуш берүү процессинде график боюнча добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди, ошондой эле жабдыктарды нымдуу чүпүрөк менен кылдат жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзөт;
  • добуш берүү үчүн орун-жайга кире бериште дезинфекциялык эритме менен нымдалган килемче жайгаштырат;
  • добуш берүү күнү шайлоо участогуна кире бериште контактысыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү жүргүзөт;
  • шайлоочулардын шайлоо участогуна жашы жете элек балдарды алып келбөөсүнө контролдук жүргүзүлөт.

Добуш берүү күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоо участогуна кире бериштин алдында жана УШК орун-жайынын ичинде шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын 1,5-2 м. кем эмес аралыкты сактоолоруна көмөктөшөт, ошондой эле шайлоо участогунун аймагында коомдук тартипти камсыздайт.

Шайлоо комиссияларынын баардык мүчөлөрү кол кап, бет кап, респиратор менен, ал эми шайлоо участогунан тышкары добуш берүүнү өткөрүү үчүн баруучу УШК мүчѳлѳрү, ошондой эле жеке коргонуу каражаттары (комбинезон), санитайзер, бир жолку кол кап жана бет кап менен камсыздалат.

Шайлоо  участогуна келгенде шайлоочуга бир жолку бет кап жана кол кап берилет.

Баардык жабдыктар, анын ичинде идентификация боюнча жабдуу, автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ), добуш берүү үчүн кабина жана ар бир 60 мүнѳттѳ эки ирээттен кем эмес бактерияга каршы каражаттары менен иштетилет. Ар бир жолу идентификациядан ѳтүүдѳ манжалардын белгилери боюнча сканер спиртке чыланган бир жолку салфетка менен дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

Шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен тазалап, идентификациядан ѳтөт, идентификациядан ѳткөндөн кийин кайрадан колдорун антисептик каражаттары менен тазалап, кол кабын кайра киет. Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациядан ѳтүүдѳ шайлоочу бет кабын убактылуу түшүрүп, идентификациядан ѳткөндөн кийин аны кайра киет.

КР БШК шайлоочуларга добуш берүү жол-жоболору аяктагандан кийин добуш берүү үчүн орун-жайдан токтоосуз чыгып кетүү сунуштайт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү